АКШнын киносынчылары 2018-жылдын эң мыкты тасмасын аташты

АКШнын киносынчыларынын улуттук коому 2018-жылдын эң мыкты тасмасын аташты. Мындай маалыматты "The Hollywood Reporter" басылмасы жазды. Анда белгилүү болгондой, мыкты тасма деген аталышка Кытай режиссёру Хлоя Чжаонун "Чабандес" аттуу тасмасы татыган.

Тасманын сюжети Брэди аттуу ковбой жөнүндө уланат. Ал башынан алган жаракатынан улам родеону (үйрөтүлбөгөн аттын же буканын үстүндө кулап кетпей узакка чейин минип жүрүүчү спорттун бир түрү) таштоого туура келет. Ал өткөн жашоосуна кайтып келип, жашоосунун максатын издөөгө аракет жасаганы тууралуу окуялар тартылган.

Мыкты тасма боюнча 2-орунду сынчылар мексикалык режиссёр Альфонсо Куарондун "Рома" аттуу тасмасына ыйгарышты. Ал эми 3-орунга Түштүк Кореядан чыккан режиссёр Ли Чан-Дондун "Жалын" тасмасы татыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан