Орусиянын Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн газ түтүгүнүн жарылышынан жабыркагандарга 104 батир берилет. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жаңы батирлер жарылуудан кийин үйсүз калгандардын баарына берилбейт. Учурда бул маселе менен тиешелүү мекемелер иш алып барууда.
"Жарылуудан зыянга учураган батирлердин айрымдары менчик болсо, кээ бири ижарага берилип жүргөн. Ошол себептен улам жаңы батирлер бардык үй-бүлөлөргө берилбейт. Учурда жабыркагандардын тизмеси түзүлүп, тиешелүү документтерди чогултуу иштери жүрүүдө. Жалпысынан 104 батир гана бөлүнүп берилет", - деп айтылат маалыматта.
Магнитогорск шаарында 31-декабрь күнү таңкы саат 6:00дө көп кабаттуу үйлөрдүн биринен газ түтүгү жарылып, жыйынтыгында 35 батир толугу менен урап түшкөн. Дагы 10 батир жарым-жартылай кыйраган. Кырсыктын кесепетинен 39 адам каза болгон.