Түркиянын Манавгат районунда өз жердешин сойкулукка мажбурлап иштеткен эки Кыргыз жараны (аялдар) кармалды. Мындай маалыматты жергиликтүү "Хүрриет" басылмасы жазды. Анда белгилүү болгондой, аталган райондун жергиликтүү укук коргоо кызматына 37 жаштагы Фатима К. аттуу Кыргыз жараны арыз менен кайрылып, өзүнүн эки жердеши аны сойкулукка мажбурлаганын жазган.
Арызында билдиргендей, К.Фатиманы Анастасия аттуу жердеши бала багуучу жумушуна чакырган. Ал Фатимага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы багарын жана ал үчүн жакшы акча аларын айткан. 2018-жылдын 10-августунда Фатима Анталия шаарына учуп барып, Анастасиянын жашаган жеринде туруп калат. Мындан соң Анастасия жана К.З. аттуу аял Фатимага сойкулук менен алектенүүнү сунушташат. Буга макул болбогондо экөө анын паспортун алып, уруп-сого башташкан. Мындай көрүнүш көпкө созулган. Эки аял Фатиманы сойкулук менен алектенбесе өлтүрүп коюшарын да айтып коркуткан.
"Мен айла жоктон сойкулукка бардым. Алардын коркутуп-үркүтүүлөрүнөн жана ур-токмокко алуусунан улам сойкулук кылууга туура келди. Келген кардарлар 100 доллардан төлөшчү. Алган акчаларды тигил эки аял бөлүшүп алчу. Мен көрсөткөн кызмат үчүн акы - болгону гана тамак эле. Алар менин курсагымды тойгузгандан башка эч нерсе берчү эмес. Мага "сен биздин кулубузсуң, биз эмне десек ошону жасайсың" дешчү", - деген Фатима өз арызында.
31-декабрь күнү Фатима К.З. менен Анастасияга сойкулукка мажбурлабоосун сурап дагы бир ирет кайрылган. Мындай каршылыгы үчүн алар Фатиманы өтө катуу сабап салышкан. Ал денесинин баары көк ала болуп, бети жарылган абалда эс-учун жоготкон. Бир нече убакыттан кийин Фатима эсине келип, үйдө эч ким жок экенин байкаган. Терезе аркылуу качып чыккан аял жергиликтүү полицияга кайрылган.
"Полиция кызматкерлери жабырлануучуну ооруканага жеткиришип, учурда ал дарыланууда", - деп жазат басылма.
Окуядан 2-3 күн өткөн соң шектүүлөрдүн бири Анастасия өз батиринен кармалган. Ал Фатиманын арызындагы окуя боюнча эч нерсе билбестигин, мындай окуя ага такыр эле тааныш эместигин айткан. Соттун чечими менен ал "адам сатуу", "адамдын эркиндигин чектөө" беренелери боюнча камакка алынган. Ал эми экинчи Кыргыз жараны К.З. 4-январда Түркиянын аймагынан чыгып кетүү аракетин көрүп жатканда кармалган. Ал сойкулук менен өзү алектенип жүргөнүн айтып, Фатиманы сабаганын моюнуна алган эмес. Анын иши баш коргоо чарасын кароо үчүн сотко жиберилген.