Жубайына кол көтөргөнү үчүн коомчулукта талкууга кабылган актёр Марат Башаров Францияда эс алууда жүрөт.
2018-жылы 27-декабрда орусиялык актёр Марат Башаровдун жубайы Елизавета Шевырковага кол көтөрүп, жыйынтыгында анын мурду сынгандыгы тууралуу маалымдалган. Бирок Башаров жубайына кам көргөндүн ордуна кызы менен лыжа тээп эс алып жүргөндүгү коомчулуктун көңүлүн бурду.
Маалым болгондой, учурда актёр кызы менен Франциядагы лыжа базасында эс алып жүрөт. Сүрөттө алар жаңы жылдык эс алууну көңүлдүү өткөрүп жаткандыгын байкоого болот.