Магнитогорск шаарындагы кырсыктан каза болгон эне жана 3 баласы Тажикстанда жерге берилди

Орусиянын Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн газ түтүгү жарылып, кырсыктын кесепетинен каза болгон аял жана 3 баласы Тажикстанда жерге берилди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда балдардын атасы оор абалда ооруканада жатат жана аялы менен 3 баласы ал кырсыктан каза болгонун билбейт.

"Кырсыктын кесепетинен каза болгон 24 жаштагы Ражамбо Исоева жана анын Ахмад, Фатима, Мухаммад аттуу 3 баласы Тажикстандын Хатлон облусундагы Кушониён районунда жерге берилди. Алардын жансыз денелери кечээ кечинде мекенине жеткирилген. Учурда үй-бүлөсүн жоготкон Шухрат Улфатов Челябинск шаарындагы ооруканада оор абалда жатат. Ал үй-бүлөсүн жоготкону тууралуу кабары жок. Жаш энени жана 3 баласын жерге берүү үчүн жүздөгөн адамдар чогулуп, акыркы сапарга узатышкан", - деп айтылат маалыматта.

Магнитогорск шаарындагы кырсык 31-декабрь күнү таңкы саат 6:00дө болгон. Анда 35 батир толугу менен урап түшкөн. Дагы 10 батир жарым-жартылай кыйраган. Кырсыктын кесепетинен 39 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bazana
2019-01-07 19:54:48
Ажалы жеткен экенда шордуулардын , байкуш балдар, апасы , жапжаш экен аттин...
0
BoDiNur
2019-01-07 22:22:42
Суротко тартып жатканын адамдардын, озуну ордуна коюп корбойбу мен олук жатсам мени бироолор суротко тартып жатса кандай болот деп, бизде да коп го, авариялардан айрыкча суротко тартып алгандар коп, баштары жарылып, буттары узулуп, олук жатса бироо суротко тартып жатат, эн туура эмес деп ойлойм, ТАРТПАГЫЛАЧЫ СУРОТКО, телефон деген балээ эле болду го баарыбыздын психологиябыз бузулуп жатат ошондойлордун кесепетинен акырындап
+3
aida007
2019-01-08 01:24:23
BoDiNur,эн туура кантип дитин барат ошондой учурда атын таппай каласын бироолор суротко тартканга улгурушот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан