Жалал-Абадда айылдык кеңештин депутаты абакка баңгизат алып кирип бараткан жеринен кармалды

Жалал-Абадда айылдык кеңештин депутаты абакка баңгизат алып кирип бара жаткан жеринен кармалганын 7-январда облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 2018-жылдын декабрь айынын соңунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №10-мекемеси менен облустук милиция абак жайына мыйзамсыз заттарды алып кирүүгө бөгөт коюу максатында биргеликте оперативдүү иш-аракеттерди жүргүзгөн.

Анын натыйжасында, 31-декабрь күнү 42 жаштагы Ө.А. аттуу жаран №10-жаза аткаруу мекемесинде отурган тууганын көрүүгө кирип баратканда кийиминен гашиш табылган. Жанынан гашиш табылган адам Ноокен районундагы Арал айылдык кеңештин депутаты экендиги белгилүү болгон.

Бул факты боюнча ага кылмыш иши ачылып, 48 саатка Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы аны эки айга камакка алуу өтүнүчү келтирилип, бирок Жалал-Абад шаардык соту тергөө кызматынын өтүнүчүн жарым жартылай канааттандырган. Анын натыйжасында айыпкер депутат үй камагына алынган. Азыркы учурда тергөө аракеттери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан