Клер Фой, Жанель Монэ, Эмма Стоун... "Алтын глобус" киносыйлыгын тапшыруу аземине келип, сынга кабылган жылдыздар

АКШнын беделдүү "Алтын глобус" киносыйлыгын тапшыруу аземине келген айрым жылдыздар сынга кабылды. Чет элдик басылмалар сыйлык тапшыруу салтанатына келген айрым актрисалардын эң начар көйнөктөрүн жарыялады. Эң начар делген көйнөктөрдү кайсы атактуулар кийип келген? Тизмеге көңүл буралы.

Энн Жаклин Хэтэуэй

Америкалык актриса жана ырчы Энн Хэтэуэй салтанатка ливандык дизайнер-модельер Эли Саабдын көйнөгүн кийген. Көйнөктүн узундугу жер чийгени менен, актрисанын дене мүчөсүн бузуп койгон.

Клэр Элизабет Фой

"Көйнөгүнүн жарашыгы жок" деп сынга кабылгандардын арасында "Таажы" телесериалы, "Кичинекей Доррит" жана башка тасмадагы ролдору аркылуу таанылган англиялык актриса Клэр Фой дагы бар. Ал киносыйлыкка италиялык "Miu Miu" кийимдер брендине таандык сары түстөгү көйнөктү кийип келген. Бул тандоо ырчы үчүн ийгиликтүү болбогонун сүрөттөн байкоого болот.

Эмма Стоун

"Оскар" сыйлыгынын ээси, америкалык актриса Эмма Стоун күлгүн түстөгү жалтырак таштар менен кооздолгон көйнөк кийип келген. Көйнөк франциялык "Louis Vuitton" мода үйүнө таандык. Актриса көйнөктүн өлчөмүнөн жаңылган өңдөнөт. Күйөрмандары актрисанын картаң көрүнүп калганын белгилешкен.

Жанель Монэ

Америкалык ырчы, аткаруучу жана актриса Жанель Монэ башкалардан өзгөчө болууга аракет кылганы менен, ийгиликтүү болбой калганы көрүнүп турат. Ал "Алтын глобус" киносыйлыгына франциялык "Chanel" мода үйүнүн көйнөгүн кийип келген. Бирок анын бул тандоосу көпчүлүктүн талкуусуна кабылды.

Кери Расселл

Америкалык актриса жана бийчи Кери Расселлдин көйнөгү дагы талкуу жараткан. Ал салтанатка АКШдагы белгилүү дизайнерлердин бири Моник Луильенин эмгегинен жаралган көйнөктү кийип келген. Бирок Кери Расселлдин көйнөгү төшүн жаба албаганы талкуу чордонуна түшкөн.

Ошондой эле начар көйнөк кийгендердин катарына америкалык актриса Элизабет Мосс кирген. Күйөрмандары актрисанын көйнөгүнүн өлчөмү кичинекей экенин жана кыскалыгын сындаган. Мындан тышкары америкалык актрисалар Жессика Честейн жана Эмбер Хёрд стилдүү эмес дегендердин тизмесине кошулган.

"Алтын глобус" киносыйлыгы быйыл 76-ирет Калифорния штатындагы Беверли-Хиллз шаарындагы "Беверли-Хилтон" мейманканасында өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан