Рэп ырчысы Бегиштин ырын немис жигити сындады

Рэп аткаруучу Бегиш социалдык тармактагы жеке баракчасына “Жигит” аттуу ырын немис улутундагы жигиттин сындаган видеосун жүктөгөн. Видеого аз убакыттын ичинде колдонуучулар тарабынан ар кандай пикирлер жазылган. Ал эми сынга кабылган видео боюнча Бегиштин өзүнө байланышканыбызда ал төмөндөгүлөргө токтолду:

"Бул видео тууралуу мага күйөрмандарым кабарлашты. Бул жигиттин интернет желесинде жеке каналы бар. Ал аталган каналына бардык мамлекеттин ырчыларынын, аткаруучуларынын ырларын сындап видеосун жүктөп келет. Буга чейин ал менин "Бирге" аттуу ырымды сындаса, бул ирет "Жигит" аттуу чыгармамды сындаптыр", - дейт рэп аткаруучу.

Айта кетсек, немис жигити Бегиштин ырына жакшы деген баасын берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Krai
2019-01-07 20:39:11
Эптеп пиар кылуунун бир жолу
0
sai91kg
2019-01-07 21:28:52
Ушулардыкы өттү
0
KIRA.
2019-01-08 13:04:25
Tero деген немец бар ал чындап эле жакшы сындайт. Рэп баттлдарды кобунчо. Коруп алып сыймыктандым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан