26 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылууга шектелген эки киши камакка алынды

26 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылууга шектелген эки киши камакка алынды. Бул тууралуу 7-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Назира Имангазиева SUPER.KG'ге кабарлады.

Анын айтымында, 2-январга караган түнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө зордуктоо аракети болгону боюнча чалуу түшкөн. Аталган маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

"1-январь күнү саат 23:00 чамаларында 26 жаштагы М.Э. аттуу кыз Токмок шаарынан Бишкек шаарына кайтуу үчүн жолдон өтүп бараткан Хонда Степвагон унаасын токтоткон. Унаа ичинде дагы эки киши болгон. Жолдо келатып ал экөө күч колдонуп 26 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылышкан. Кыз дароо милициянын 102 номуруна чалып жибергенде алар качып кетүүгө камынышкан. Бирок ыкчам топ алардын артынан жетип, колго түшүрүшкөн. Кармалгандар 35 жаштагы Т.Э. жана 40 жаштагы А.У. аттуу жарандар болуп чыгышкан. Экөөнө "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынды", - деди Имангазиева.

Айрым маалыматтарга караганда, зордуктоо аракетине кабылган кыз милиция кызматкери болгон. Бирок Имангазиева бул маалыматты тастыктаган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
warcaw
2019-01-07 19:14:48
ХХХХХХХХХХ камаш керек 10 жылга
+5
Azatbek.Svoboda.
2019-01-07 20:08:28
warcaw,жетимдерди камап он жыл бакпастан ХХХХХХХХХ
+4
Busi06
2019-01-07 20:00:11
Жазасын сазайын бергиле ушундай зоокурлордун айынан канча кыздар кор болууда уйундо катыны жок бекен буларга бере турган
+6
Azatbek.Svoboda.
2019-01-07 20:06:21
Милиция кызматкери болобу башкабы баарибир зоокурлорду кастировать этиш керек деген мыйзам чыгарышса болмок тиги боккурсактар! Ошо неге сразу реагировать этти милиция десе оздорун колегасы турбайбы!
+5
souza.j
2019-01-07 20:13:25
23:00 до не кылып журду экен. Подстава эмеспи
-3
warcaw
2019-01-07 20:22:25
souza.j, өзүңүн да ишиң чыгып 23:00 гө калып кетип башыңа ушундай иш түшсө потстава кылдым деп айтасың ок!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан