Москвага Кыргыз жеринен барган адам өспүрүм кызга карата ыплас иш-аракеттерди жасап, полиция суракка алган учурда 3-кабаттан секирип кетти. Мындай маалыматты "Московский комсомолец" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектелген 29 жаштагы адам Москвадагы коммерциялык фирмалардын биринде ашпозчу болуп иштеген. "Ал кызыма карата бузукулук иш-аракеттерди жасаган" деген арыз менен 11 жаштагы өспүрүм кыздын апасы полицияга кайрылган. Ал өзүнүн арызында өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларынын аралыгында Палехск көчөсүндөгү үйлөрдөгү батирдин биринде кызына Кыргыз жеринен келген адам сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди көрүп жүргөн деп жазган.
Кылмышка шектүү полиция тарабынан 6-январда кармалган. 7-январь түнү сурак учурунда андан көрсөтмө алуу үчүн кылмыш болгон жерге алып келишкен. Бул учурда ал имараттын 3-кабатынан секирип кетип, омурткалары сынып, ооруканага жеткирилгендиги жазылат маалыматта.
Бул боюнча SUPER.KG порталы Кыргыздын Орусиядагы элчилигине кайрылды. Азырынча маалыматтар бериле элек.