Баткенде 22 жаштагы жигитти аңчылык мылтык менен аткан жаран Казакстандан кармалып Кыргыз жерине алынып келди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 2018-жылдын 26-августунда түнкү саат 2лер чамасында Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагында белгисиз жаран аңчылык мылтыгы менен 22 жаштагы М.З. аттуу тургунду баш сөөккө атып жиберген.
Жаракат алган тургун аймактык ооруканага жеткирилген. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Издөө иштеринин жүрүшүндө ошол эле айыл аймагында буга чейин жашап кетип, Орусияда жүргөн 21 жаштагы К.А. аттуу жаран шектүү катары каралган.
"Тергөө учурунда аныкталгандай, шектүү жаран Орусиянын Москва шаарында жашап жүргөн. 25-август күнү Баткен облусуна келип, М.З. аттуу жаранды өлтүрүү максатында анын үйүнө барган. М.З. үйдөн чыккандан кийин шектүү аны мылтыгы менен атып, из жашырып кеткен. Кийин оперативдүү издөө-иштеринин жыйынтыгында ал адам Орусияга баратканы аныкталып, ИИМдин Криминалдык милиция кызматы Казакстандагы укук коргоочулар менен биригип ал адамды 28-август күнү Казакстандын Уральск шаарынан кармашкан. Кармалган адам Кыргыз жерине алынып келип, соттун чечими менен Ош шаарындагы СИЗОго эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери аяктап, материалдар сотко жиберилди", - деп билдиришти ИИМден.