Аламүдүн районунда азык-түлүк дүкөнүнүн кампасынан чыккан өрт 8 саатта толук өчтү

Аламүдүн районундагы "Шекер" азык-түлүк дүкөнүнүн кампасынан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери аныкталууда.

"Дүкөндүн кампасынан чыккан өрт кечээ, 7-январда саат 23:00дө толук өчүрүлдү. Кырсыктан жабыркагандар жок. Жалпысынан 500 чарчы метрге жакын аянт күйгөн. Азыркы учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери жана чыгымдардын суммасы аныкталууда", - деди басма сөз катчы.

Белгилей кетсек, "Шекер" дүкөнүнөн чыккан өрт тууралуу маалымат 7-январь күнү саат 15:57де ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмү жана 6 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Djumahmatov
2019-01-08 13:59:47
8 саатда суу чачбай койсон деле куйуп бутуп озу очмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан