Америкалык белгилүү актёр, комедия жылдызы Жим Керринин өзүнөн 22 жаш кичүү актриса менен мамиледе экени ачыкка чыкты. Чет элдик басылмалар актёр сүйүктүүсү менен "Алтын глобус" киносыйлыгына чогуу келгенин жазып чыгышкан.
56 жаштагы актёр салтанатка актриса Жинжер Гонзаганы ээрчитип келген. Белгилүү түгөйлөрдүн мамилесин алардын жакындары ачыкташкан. Маалым болгондой, Жим Керри сүйүктүүсү Катриона Уайтты 3 жыл мурда жоготкон. Кайгыда жүргөн актёр ошондон бери эч ким менен мамиле курган эмес.
Маалымат үчүн:
Актёр 1987-жылы 8-мартта Мелисса Уомер аттуу актрисага үйлөнүп, ошол жылдын 6-сентябрында Жейн аттуу кыздуу болгон. 1991-жылы ноябрда Жим апасынан, 1994-жылы атасынан айрылган. Атасынын өлүмүнөн бир жыл өткөн соң ал Мелисса менен ажырашып, актрисага 7 миллион доллар төлөп берген. Мындай абалдан чыгуу үчүн актёр антидепрессанттарды колдонуп, ал жыйынтык бербегендиктен витамин ичип, спорт менен машыга баштаган.
1995-жылы актриса Лорен Холли менен баш кошуп, 10 айдан кийин ажырашып кеткен. Мындан тышкары Рене Зеллвегер, өзүнүн дарыгери Тиффани Сильвер жана моделдер Женни Маккарти, Анин Бинг, Катриона Уайт менен сүйүү мамилелерин курган. Катриона Уайт актёр менен мамилесин үзгөндөн кийин көп дары ичип, өз жанын кыйган. Анын өлүмүнөн соң актёрго калтырып кеткен акыркы каты табылган. Анда кыз Керрини "мага оору жуктуруп, адам катары абдан басынткан" деп айыптаган.