Түркияда катуу кар жаап, окутуу мекемелери убактылуу жабылды

Түркияда катуу кар жаап, мектептер жана окуу жайлар убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кар дагы бир нече күн катуу жаашы күтүлүүдө. Тынбай жааган кардын кесепетинен аба каттамдары да убактылуу кармалган. Өлкөнүн 26 провинциясында, ошондой эле Анкарада окуу жайлар жана мектептер убактылуу жабылды.

"Кардын тынбай жааганына жана катуу шамал болгондугуна байланыштуу Стамбулда жана Бурса провинциясында сууда жүрүүчү рейстер да убактылуу токтотулду. Ван провинциясында жааган кардын бийиктиги 1 метрге жетти. Ошондой эле 300 калктуу конуш менен байланыш үзүлгөн. Метеорологдордун айтымына караганда, жакынкы күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Ошол себептен адистер бул өлкө аркылуу уча турчу жүргүнчүлөрдү алдын ала рейстер тууралуу маалымат алууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bakyi
2019-01-08 21:54:52
Ванда кыргыз туугандарыбыз жашайт...
Эскиден көчүп баргандар..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан