Актриса жана режиссёр Ырыс Жоомартова Түркиядан батир алат

"Шаардык келин Шарапат", "Апал, Үпөл" жана башка комедиялардын режиссёру, актриса Ырыс Жоомартова Түркиянын Аланья шаарынан батир алат. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына буларды билдирди.

"Буюрса, бир аптадан кийин Түркиянын Аланья шаарына сапар алам. Ал жакка эки максат менен баратам. Бири аталган шаардан батир алып, үй-бүлөлүк эс алуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү. Аланьяда кыргыз жердештерибиз көп экен, үйлөрдү интернет аркылуу караштырып койдум. Ал эми экинчи максатым, Түркиядан тасма тартуу. Тасмада роль жаратуучу актёр, актрисалар, тасма тартуучу топ мени менен чогуу Түркияга барышат. Буюрса, комедия жанрындагы тасма тартып келебиз", - дейт ал.

Ошондой эле Ырыс Жоомартова Кыргыз кинематографисттер союзунун мүчөсү деген күбөлүк алды. Ал: "Негизи 2018-жылы эле кинематографисттер союзунун мүчөсү болгом. Бирок күбөлүктү кечээ, 7-январда кинематографисттер союзунун өкүлү Таалайбек Кулмендеев тапшырды", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-01-08 15:52:04
Сизден сураныч, сценарийди бышырып, таланттуу актёрлорду тартынызчы.Озунуз,же бир,эки ырчыны кошо койбой.
+14
Azatbek.Svoboda.
2019-01-08 19:06:52
Baktyluu_bolgum_kelet,Сен бар тартыл анда!
-4
Skarlett-Skarlett
2019-01-08 15:53:36
Саны бар,сапаты жок кинолор.Профессионалдуу актриса,актёрлорду тартпай эле бир билими жок адамдарды тартат.Эч корбойм кинолорун.Айгул Шаршен кызы экоо окшош десем жанылышпасам керек.Бирок батир алса,кут болсун!
+14
Azatbek.Svoboda.
2019-01-08 19:05:45
Skarlett-Skarlett,Бир созун экинчи созуно каршы келетко!
-5
Muslim_KGstana.
2019-01-08 15:57:54
Бирок конулго толорлук кино тарта алышбай жатат/Баары эле эптемей
+8
Azatbek.Svoboda.
2019-01-08 19:04:58
Muslim_KGstana.,Ошондой болсода заграницадан уй алып жатпайбы! Эгер сен айткандай сага жаккыдай тартса анда марсттан уй алат эле !
-5
Skarlett-Skarlett
2019-01-08 21:29:41
Azatbek.Svoboda.,Сен Ырыс эмессинби?
+4
Kattaldym
2019-01-08 16:00:39
Мдаа...
+5
alibekovna
2019-01-08 16:09:07
Супер инфо эмнеге жозефина олумдун 3 тусу жаны санда чыккан эмес
+4
admin_portal
2019-01-08 18:05:38
alibekovna, урматтуу окурман! Жарыяланып жаткан сериалдар АВТОРЛОРДУН ТАЛАБЫ менен мындан ары "Супер-Инфо" гезити аркылуу гана уланып, SUPER.KG порталына жарыяланбайт.
-7
Batma08
2019-01-08 16:36:20
Бир киносу жакса олойун
+7
voennyi88
2019-01-08 16:56:56
Бул эженин ойногон рольдоруна караганда мас болсомда мен жакшы ойномокмун.Кээбир маданият кызматкерлерин тан каламда. Элдин арасында кадыры таланты жок болгондон кийин чыкпай эле койушса боломк.
+6
bakan
2019-01-08 18:03:34
Кыргызстандан жараны болуп турциядан уй алса болобу?
-2
Azatbek.Svoboda.
2019-01-08 19:02:41
bakan,Кааласа айдан коттедж алса болот! Кыргыздар да кыргыз жарандыгы менен орусиядан уй алып жашап эле жатышпайбы!
-2
Lusi
2019-01-08 18:10:45
Опять комедия тартат экен,тарткан кинолорун Ким корот ушул эженин,актеры слишком перебарщивают уят лично мне и многим не нравятся ваши фильмы уж извините меня
+2
Abdizhapar
2019-01-08 18:58:06
Каяктан алсан ошол жактан ал мактанбай эле ала бер да бирда тарткан киносунун мааниси жок
+4
Azatbek.Svoboda.
2019-01-08 18:58:13
Силерге баарибир эмеспи жагабы жакпайбы?! Жумурткадан тукумдан кыр издеп эптеп эле коро албастыкты качан калтырасынар?! Озунордун колунардан эч нерсе келбегенден кийин жакшы ийгилик каалап жазып койгулада! Ушакчы катындардай чан чун деп былжырап озунордун томондугунорду корсотуп бул жерге жаза бербестен!
-5
Azatbek.Svoboda.
2019-01-08 18:59:28
Ушунчалык кыйын болсонор жузуно карап айткыла бул жерде жамандап жазганынар ушакчыданда жаман корунот!
-6
fanatka19
2019-01-08 20:48:44
Ырыс эже ырыстуу кино тарта албай келесиз томпошко тоня кинонузду коруп алып тологон акчама ичим куйду. комедия тартам деп ашырып ийип кыжырга тийип атасынар.
+6
Aziyat
2019-01-09 06:10:04
Ушул Жоомартова тартылган кинолору аллергия кылат,бүт эле киносунда бакшы макшыларды кошо берет,жада калса өзү дагы бакшы болуп аткарат.Кыйраткан киносу жок,жакшысы кино тартпай эле койгулачы сураныч. Дагы ишенген Жайнаңарды тартасыңарда.
+1
KIRA.
2019-01-09 11:48:15
Соз жок,акыркы 3-4жылда эле чыга калды,мейли эми ийгилик,акчасы коп го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан