Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду атып кеткендер табыла элек. Маалыматты Баткен ОИИБинен билдиришти.
"Учурда кылмышка шектүүнү издөө иштери дале уланып жатат. Илинчек табылып, кармалса маалымат таратабыз", - деди басма сөз кызматы.
Аны 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен. Ошол күнү шектүү аны артынан мергенчиликте колдонулуучу бытыра менен атканы айтылган. Ок анын жоон ичегисин катуу жабыркатып, бытыранын бирөө көзөп өтүп, төртөө ичинде калган. Ооруканада жаткан Баянов 2018-жылдын 17-ноябрында өзүнө келе албай каза болгон. Маркумдун артында 3 баласы калды.
Эске салсак, Баткен облусунун Лейлек районунда айылдык кеңештин төрагасын 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси менен кылмыш иши козголгон.