Чүй облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 8-январь күнү саат 12:37де Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
"Жер титирөө Чүй облусунун Панфилов районунун Өтмөк айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат маалыматта.