Нурмат Садыровдун "Кыргыз кыздары" ырынын клибине тартылган Нуриза Бектурова: "Ат чапканда бутум көгөрүп, шишип кеткен"

Кыргыз шоу-бизнесиндеги ырчылардын клиптеринде жакшы образ жаратып, ага көрк кошкон сулуулардын катары көбөйүп келет. Алардын катарында бизге таанымал болгону да, таанымал болбогону да бар. Бул ирет сиздерге жаңы жүздөр тууралуу кенен маалымат берип, жакындан тааныштырабыз.

ТАЙ ЖАГЫН ТАРТКАН АЛТЫНАЙ МУКАНБЕТ КЫЗЫ

Туулган жылы, айы, күнү - 1999-жыл, 1-сентябрь;

Туулган жери – Нарын шаары;

Бою – 1 метр 66 сантиметр;

Салмагы – 55 килограмм;

Хоббиси – бийлөө, ырдоо;

Учурда –Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын 4-курсунун студенти;

Тартылган клиптери: Мурадил Данияров менен Эркин Эгембердиевдин “Малика”, Марат Талантбеков “Периштем”, Гүлбү Ороскул кызы “Өмүр жазы” жана башкалар.

Алтынай өзү теңдүү курдаштарынан айырмаланып бир топ белгилүү ырчылардын клиптеринде башкы ролдорду жаратып, андан сырткары тасмаларга тартылып, шоу дүйнөсүндө ысымы таанылып калган учуру.

Алтынай Муканбет кызы тартылган “Малика” аттуу клип азыр кичинекей бөбөктөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган. Клипте ал атасынын жалгыз, эрке кызынын ролун аткарган.

"Клипке тартылуу мага кыйынчылык туудурбайт. Анткени мага камера менен иштөө абдан жагат. Кесибиме байланыштуу бул чөйрөдө жүргөнүмө кубанам”, - дейт Алтынай.

Алтынайга талант тай тараптан өткөн. Тагыраагы, ал куудул Күмөндөр Абыловдун жээни болот.

АТ ЖАЛЫНДА ОЙНОГОН НУРИЗА БЕКТУРОВА

Туулган жылы, айы, күнү – 1998-жыл, 19-октябрь;

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Казарман айылы;

Бою – 1 метр 74 сантиметр;

Салмагы – 47 килограмм;

Хоббиси – ат минүү, сүрөт тартуу;

Учурда – Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти;

Тартылган клиптери: 60'К жана Айя Садырова “Келчи гүлүм”, Улан Осмон уулу “Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар”, Сагыныч “Гүлүм сага”, Кайрат Максутов “Улуу бакыт”, Нурмат Садыров “Кыргыз кыздары” жана башкалар.

Клиптердин көпчүлүгүндө ат жалында шамал менен жарышып, жамгырда сүйүктүүсүн издеген кыздын образын жараткан Нуриза абдан ак көңүл. Бул туурасында өзү: “Ак көңүлдүк сапатымдын зыяны да, пайдасы да бирдей тиет”, - дейт.

Ырчы Нурмат Садыров Нуризага клипке тартылуу сунушун өзү киргизген. Ал тартуучу топко кыйынчылык жаратпай, ат чаап, баарын таң калтырганын айтат.

Ат чаап, буттарым көгөрүп, шишип калганын эске албаганда, кыйынчылык болгон жок. Камера менен иштешүү мага ырахат тартуулайт. Бул менин алгачкы тартылган клибим, ошондуктан бекер тартылгам”, - дейт Нуриза.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
munira-tilen
2019-01-09 14:56:42
Алтынай кулуп тушпой еле койчу,кызыктуудай болуп калыптыр суроту
+3
Aima94
2019-01-10 03:35:10
munira-tilen,айтпа. Страшная такая
+1
Azatbek.Svoboda.
2019-01-09 16:42:11
Качан турмушка чыгып анан ат чабсанар жакшы болот!!!
-3
Dembele84
2019-01-09 16:44:19
Биринчи сурттогу кызды негедир сулуу деп эсептей албадым )))
+2
Suzak12
2019-01-09 17:00:47
Нурмат ошол кызга уйлонсон деле жакшы болот ото сулуу кыз экен акылдуу.
+1
nak
2019-01-10 08:16:21
Н.Садыров жанындагы ак жоолукчан кызды өөлө тиктеген го жутуп алчудай болуп,көз албай тиктеп,бактылуү жаштардай сезип өзүн.
+1
Aiymkunumjyldyzym
2019-01-10 23:11:53
Kazarmandyk kyz 1 klibim beker tartylgam deptir,anan tartylgan klipteri dep kop klipti jazyp koiuwuptur go,tuwunboi kaldym.Jerdew kyzga iygilik kaalaim,negizi klipke tartylyp jurgon kazarmandyk jerdewterim kop dep ukkanym mn bilbeit ekenmin,
0
Pitbull_I
2019-01-11 11:00:44
Aiymkunumjyldyzym,тушунуктуу элего, бул менин алгачкы тартылган клибим деп айтыптырго. андан кийин да тартылган окшойтда

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан