"Алтын глобус" киносыйлыгында кызыл килемден өтүп, аземдин көркүн ачкан атактуулар

АКШнын Лос-Анжелес штатындагы Беверли-Хиллз шаарында өткөн "Алтын глобус" киносыйлыгы эсте калган көз ирмемдерге, кызыктуу окуяларга бай болду. Сыйлык тапшыруу салтанатына келген айрым жылдыздар сынга кабылса, айрымдары күйөрмандары тарабынан колдоого ээ болушту. Бул жолу өзгөчө стили, кийими менен салтанаттын көркүн ачкан жылдыздарды тизмектеп көрдүк.

Ирина Шейк жана Брэдли Купер

Көпчүлүктү суктанткандардын сап башында орусиялык супермодель Ирина Шейк жана анын жолдошу, америкалык актёр Брэдли Купер болду. Модель италиялык "Versace" мода үйүнүн алтын түстөгү көйнөгүн кийген. Көйнөк Ирина Шейктин узун боюн, дене мүчөсүн даана көрсөтүп турган. Ал эми Брэдли Купер ак түстөгү костюм-шым кийип келген. Баса, супермодель имиджин өзгөртүп, чачын каре кылып кырктырган.

Леди Гага

Америкалык ырчы Леди Гага үчүн бул салтанат жагымдуу болду. Тактап айтканда, ырчы "Жылдыз төрөлдү" тасмасына жаздырган чыгармасы үчүн "Алтын глобус" сыйлыгын алды. Леди Гага аземге италиялык "Valentino Couture" мода үйүнүн көйнөгүн кийген. Көйнөктүн жарашыгы жана түсү ырчынын ажарын ачкан.

Жулия Робертс

Голливуддун эң бай, ийгиликтүү актрисаларынын бири Жулия Робертстин табити дагы көпчүлүккө жаккан. Актриса англиялык модельер Стелла Маккартнинин эмгегине таандык классикалык стилдеги кийим кийген.

Тэнди Ньютон

Англиялык актриса Тэнди Ньютондун денесине жабышкан көйнөгү өзгөчө стилдүү экенин көрүүгө болот. Бул тандоо актрисанын куурчактай дене мүчөсү бар экенин даана көрсөткөн.

Хайди Клум

Немис актрисасы, модель жана алып баруучу Хайди Клум этеги жайылган көйнөк кийген. Көйнөк кара түстө болуп, кийимге көрк берген гүлдөр ар кандай түстө экенин көрүүгө болот.

Буга чейин аталган киносыйлыкка келип, сынга кабылган жылдыздардын тизмеси жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nevestkaa
2019-01-09 08:33:38
Ирина Шейктин корсети билинип эле калыптыр го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан