"Клип тартабыз деп бейтаптарды нааразы кылганбыз" дейт "Супер хитке" "Досума" чыгармасы кошулган Нияз Абдыразаков

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добуш алган клип сынактан четтетилип, анын ордуна Нияз Абдыразаков менен Темир Дамирбековдун аткаруусундагы "Досума" ыры толуктады.

"Чыгарманын обону, аранжировкасы өзүмө таандык. Ырдын сөзү Темир Дамирбеков экөөбүзгө тең жагып, чогуу аткарып чыгалы дедик. Ал эми чыгармага кыска убакыт аралыгында клип тартылып, анда башкы каармандардын ролун Кыргыз драма театрынын актёр, актрисалары жараткан. Клиптеги ооруканада болгон окуяны медициналык кароо жайынан тартканбыз. Биз барганда бейтаптар жок болчу, бирок тартып бүткөнчө медициналык жайга келгендер эшикте күтүп калышыптыр. Ошондо бейтаптар бизге нааразы болгон. Клип тартабыз деп башкаларга ыңгайсыздык жараткандыгыбыз үчүн кечирим сурайм", - дейт Абдыразаков.

2-ЯНВАРДАН 9-ЯНВАРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

10-орун - Ильяз Абдразаковдун "Ай, жеңеке" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунда - "60`К" тобунун "Мерез жүрөк" видеоклиби орун алган.

8-орун - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" композициясына буюрган.

7-орунду - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" аттуу видеокомпозициясы камсыздаган.

6-орунда - Данияр Эрматовдун "Бир туугандарым" аталышындагы клиби жайгашкан.

5-орунду - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" чыгармасы ээлеген.

4-орун - Айчүрөк Иманалиеванын "Кыргызча" видеокомпозициясына буюрган.

3-орун - Гүлжигит Калыковдун "Эне жөнүндө баллада" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орун - Анжеликанын "Назданып" клиби тизме боюнча алдыңкы үчтүктө келе жатат.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Нурлан Насиптин "Жүрөк ээси" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан