Ысык-Ата районунда дарыядан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-январга караган түнү саат 00:09 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 30-чакырымында Чүй дарыясынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылган. Аталган аймакка куткаруучулар барып, маркумдун денесин суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.