Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков ырчы Бек Исраиловго продюсер болду

Хит ырлардын аткаруучусу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков ырчы Бек Исраиловго продюсер болду. "Чыныгы таланттарды колдоп, жардам беришибиз керек" деген Мирбек Атабеков SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"Жаңы жылдан баштап Бек Исраиловго жана Толгонай Арзыкеевага колдоо көрсөтөйүн деп продюсер болууну чечтим. Учурда Бек Исраилов менен жаңы чыгармаларды жазып баштадык. Ал эми келишимибиз мынча жылга түзүлдү деп айта албайм. Буюрса, узак эле иштешебиз деп ишенем. Анткени өсө турган, жогорку деңгээлге чыга турган таланттарга бардык жактан колдоо көрсөткүм келип жатат. Продюсер болуп каражат табайын деген ниетим жок. Болгону шоу-бизнестин деңгээлин жогорулатуу", - дейт ал.

Ал эми "продюсерлик менен алектенсеңиз өзүңүздүн чыгармачылык карьераңызга таасирин тийгизбейби?" деген суроого төмөндөгүдөй жообун узатты.

"Чыгармачылыгыма мурдагыдай эле убакыт бөлөм, мурдагыдай эле энергия жумшайм. Балким, андан дагы көбүрөөк күч жумшайм. Менин продюсер болушум чыгармачылыгымды аксатпашы керек. Мындан ары деле жакшы чыгармаларды жаратып, клиптерди тартуулайм", - деди Атабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Suzak12
2019-01-10 17:46:34
Экоонордун айырманар калган голос башка айырма жок деп ойлойм
0
Boha1
2019-01-10 23:52:07
Туугандардан баштабай, жаңы ырдап чыгайын деп аткан жаш таланттарга продюсер болбойт белең
0
esenbaev0903
2019-01-11 02:25:19
Мага болуп берсе да сонун болмок
0
vikidiki
2019-01-11 13:38:55
Окул баласы да ошондо?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан