Австралиялык актриса Марго Робби көркөм тасмада Барбинин ролун жаратат

Австралиялык актриса жана продюсер Марго Робби көркөм тасмада куурчактын ролун жаратат. Бул тууралуу батыш маалымат булактары актрисанын сөзүнө таянып жазып чыгышты.

Марго Роббинин күйөрмандары анын сырткы келбетин Барби куурчагына окшоштуруп келишет. Актрисанын куурчактай келбетин Голливуд режиссёрлору да байкап, аны көркөм тасмада башкы каармандын ролун жаратууга чакырган. Балдарга арналган тасмада башкы каармандын ролун жаратуу сыймык экенин айткан Марго Робби бул ролго дароо макулдугун берген. Мындан тышкары актриса тасманын продюсерине жардам берерин айткан.

Учурда тасма жаратуучулар фильмдин аталышын, каармандардын толук курамын жана тартуу иштери кайда, качан болору тууралуу расмий маалымат бере элек. Ал эми киносынчылар Барби тууралуу көркөм тасма көп талаштарды жаратат деген божомолдорун айтышууда.

Марго Робби көпчүлүккө "Коңшулар" сериалы, "Тарзан. Уламыш", "Жанкечтилер тобу" жана башка фильмдердеги ролдору менен белгилүү. Ал "Time" журналынын "2017-жылдын эң таасирдүү инсандары" тизмесинен орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aidai9594
2019-01-09 15:12:05
Салам достор!
Сериалдарды мага да жиберип коё аласынарбы? Мен да чет олкодомун
Алдын ала рахмат!
-2
Azatbek.Svoboda.
2019-01-09 22:46:52
aidai9594,Супер-Инфодогулар досторунбу!
+1
raykray
2019-01-10 00:24:08
Azatbek.Svoboda.,хе хе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан