Жаңы жылдын алгачкы айында, тагыраагы, 2-январда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде комедия жана трагедия жанрында тартылган "Жер тоголок" аттуу тасманын бет ачары болуп өткөн. Тасманын жаратуучулары бүгүн, 9-январда маалымат жыйын өткөрүштү. Анда "Жер тоголок" тасмасынын тартылуу процесси, сарпталган каражат, тасмада козголгон негизги көйгөйлөр тууралуу сөз болду.
Аталган маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева, "тамашоучу", актёр Кубанычбек Курманбеков, актёр, алып баруучу Самат Эркинбеков жана ырчы Тынай Алыбаев тасма тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.
"Жер тоголок" тасмасында психикалык жактан жабыр тарткан каарман Армандын ролун жараткан актёр Самат Эркинбеков төмөндөгүлөргө токтолду.
"Тасма 9 ай аралыгында тартылды. Бул тасма аркылуу биз жаштык кылып өз балдарын таштап кеткен ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакыргыбыз келди. Азыркы жаңы курулган үй-бүлөлөргө тарбия болот деп ишенебиз. Мен бул фильмде акыл-эси тайкы баланын ролун жараттым. Албетте, кыйын болду. Анткени буга чейин мен комедия жанрындагы тасмаларда гана роль жараткам.
Учурда тасма Бишкек жана Оштогу кинотеатрларда коюлуп жатат. Буюрса, Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарына жайылтканга аракет кылабыз.
Жалпысынан тасма тартуу иштерине 60 миң доллар каражат жумшадык. Чыгымдын жарымын өзүбүз чыгардык, калганын демөөрчүлөр колдоого алышты. Тасмабыз кеткен чыгымды актайт деген үмүтүбүз чоң. Анткени биз абдан чоң эмгек кылдык. Көрүүчүлөр биздин эмгекти баалайт деп ишенебиз", - дейт актёр.
Аталган тасмада ырчы Тынай Алыбаев дагы роль жараткан. Ырчы мырза тасма тууралуу өз ою менен бөлүштү.
"Ушуну менен 4-ирет тасмада роль жаратып жатам. Ал эми бул тасмада эпизоддук роль жараттым. "Жер тоголок" тасмасында козголгон негизги маселе мага абдан жакты", - дейт Алыбаев.