Бишкектеги райондук милициянын кызматкери баңгизат менен казак чек арачылары тарабынан кармалганы айтылууда

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери баңгизат менен казак чек арачылары тарабынан кармалды. Мындай кабарды жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, 6-январь күнү райондук милициянын ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармоо үчүн Казакстан аркылуу Талас облусуна чыгышкан. Алар Чалдовар көзөмөл-өткөрүү пунктунан өткөндөн кийин казак чек арачылары тарабынан текшерүү учурунда милиция кызматкерлеринин биринин чөнтөгүнөн бир нече грамм гашиш табылган.

"Баңгизаты алынган милиция кызматкери Казакстандын коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилген. Анын камакка алынганы же алынбаганы азырынча белгисиз", - деп жазылат маалыматта.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда эч кандай маалымат берилбей тургандыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tular
2019-01-09 21:08:53
Мына сага Кыргыз милициясынын жузу...
0
Altyn10076
2019-01-10 11:14:36
Атайын уюштурган эмеспи казактар ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан