Бишкектин Бакай-Ата жаңы конушунда киши өлтүргөн деп шектелип жалал-ададдык 1977-жылы туулган жаран кармалды. Бишкек ШИИБинин билдиришинче, каза болгон жаран менен кылмышка шектелип жаткан адам чогуу курулушта иштешкен. 18-июлдан 19-июлга караган түнү алар эмгек акы алышып, спирт ичимдиктерин ичишкен. Ортодо жаңжал чыгып, Нарын облусунун тургунун шериги мыкаачылык менен бычактап салган. Учурда кылмышка шектелген жаран Свердлов РИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.