Бангладештин Дакка шаарында өтүп жаткан эл аралык кинофестивалга Кыргыз өлкөсүнөн 5 тасма катышууда. Бул тууралуу "Кыргызфильм" киностудиясынын расмий сайтында жарыяланган.
17-эл аралык кинофестиваль "Rainbow" уюму тарабынан уюштурулган. Фестиваль 10-18-январь күндөрү өтүп, анда 72 мамлекеттен 220 тасма катышат. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн катыша турган тасмалар төмөндөгү номинациялар боюнча ат салышат.
"Азиялык тасмалар" номинациясына - Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы;
"Кыз-келиндер режиссёрлук кылган тасмалар" - Елизавета Стишованын "Сулайман-Тоо" жана Чолпонай Бөрүбаеванын "Өмүр" тасмалары;
"Руханий азык" номинациясына - Айзада Алымбек кызынын "Өзөк" тасмасы;
"Кыска метраждуу тасмалар" секциясына - актриса жана режиссёр Асел Чоткараеванын "Периште" тасмасы.