Казакстанда баңги заты менен кармалган кыргыз милиционери тууралуу маалымат боюнча ИИМ комментарий берди

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери баңги заты менен казак чек арачылары тарабынан кармалгандыгы айтылган. Аталган маалымат тууралуу Ички иштер министрлиги комментарий берди.

Маалыматка ылайык, баңгизат милиция кызматкеринин чөнтөгүнөн эмес, ал башкарып бараткан унаадан табылган.

"2018-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында уурулук фактысы катталган. Үй кызматкери болуп иштеген 20 жаштагы А.Д. аттуу кыз кожоюндардын жоктугунан пайдаланып, 14 миң сомдон ашык акча каражатын уурдап, качып кеткен. Бул фактынын негизинде Ленин райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон.

Ушул жылдын 6-январында 2-шаардык милиция бөлүмүнө шектүүнү таап, суракка алуу тапшырмасы берилген. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери Т.И. жана Ж.А. тапшырманы аткаруу үчүн Талас облусуна чыгып кетишкен. 7-январга караган түнү Чалдовар чек ара бекетинде аталган кызматкерлер бара жаткан Тойота Аллион үлгүсүндөгү унаадан 1 граммга жетпеген гашиш заты табылып, Т.И. казак чек арачылары тарабынан кармалган. Белгилүү болгондой, автоунаа кармалган кызматкердин бир тууганына таандык болгон. Аталган факт боюнча Жамбыл облусунун Мерке райондук ички иштер бөлүмү текшерүү иштерин жүргүзүп, Т.И.нин бир тууганына административдик айып салынды. Азыркы учурда милиция кызматкери бир тууганы менен бирге Мерке районундагы мейманканалардын биринде жайгашып, жакын арада Бишкекке келүүгө камынып жатат", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден билдиришкендей, бул окуянын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2019-01-10 13:15:15
Аа бангизат менен кармалган адамды Казакстанда мейманканага жаткырат бекен? Анан 1граммга жетпеген дегенин.
+1
taalay25
2019-01-10 13:19:37
Он торт мин сом уурдап качып кетсе биргеликте ошол Таластагы милиция эле кармап Бишкеке откоруп берсе болот да кылмышка шектууну. Эки кызматкердин Таласка барган камондировкасы эле он торт минге жетип барса керек
+1
elchi84
2019-01-10 13:20:00
Эми мне болот....
+1
Farra16gsin
2019-01-10 14:14:13
1 грамга жетпеген бир жыттаганга жетпейтко 1 грам деп жалган айтасыңар 1 кг болуш керек
+3
DNurgiza
2019-01-10 14:47:36
КАзак туугандарыбыз машинага салып коюшпадыбы, атайын.
+3
amirrus
2019-01-11 11:19:48
kz туугандар пулду кылып туруп кое бериптир да ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан