Достукту даңазалаган "1+1" тасмасынын жаңы версиясы көрүүчүлөрдүн сынына коюлду

Чыныгы достукту даңазалаган "1+1" тасмасын АКШлык режиссёрлор жаңылап тартышты. Аталган тасма чет элдик кинотеатрларда көрсөтүлө баштаганын батыш маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, тасмада миллиардердин досунун ролу америкалык актёр, куудул Кевин Хартка, ал эми кырсыктын кесепетинен улам өмүр бою майыптар арабасында отурууга аргасыз болгон миллиардердин ролу америкалык актёр, режиссёр Брайан Крэнстонго буюрган.

Буга чейин аталган тасманы Франция өлкөсү алгачкылардан болуп тарткан. Кевин Харт буга чейин анын ролун аткарган актёр Омар Синин актёрлук чеберчилигине суктанарын айтып, өзүнө берилген ролду ийине жеткире аткарууга аракет кыларын баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ekaterinburg
2019-01-10 11:45:01
Биринчи биринчи да.Жетпесе керек биринчиге.
+2
KOCMOC
2019-01-10 12:32:35
Француздар тартканга жетпейт
+1
DNurgiza
2019-01-10 14:51:22
МАга биринчиси эле жагат,....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан