Бирөөнүн ишенимине кирип 120 миң долларын алып качып жүргөн жаран Өзбекстандан кармалды

Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, андан жабыркагандар болсо милицияга байланышса болот. Мындай маалыматты Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Ош шаарынын 43 жаштагы тургуну Исраил Ганиев аттуу адам 2015-жылдын февраль-март айларында Кадамжай районунун Халмион айылындагы "Баяман-Баатыр" соода базарында соода-сатык иштери менен алектенип жүрүп, аталган райондун Орозбеков айылынын 48 жаштагы тургуну А.К.нын ишенимине кирип, аны алдоо жолу менен "3 айда кайтарып берем" деп акча алган.

Ганиев ижарага алган контейнерлериндеги товарларын көрсөтүп, А.К.нын ишенимине кирип, андан 120 миң АКШ долларын алып, өзү айткан мөөнөттө кайтарып бербестен качып кеткен.
Натыйжада А.К.га ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилип, 2017-жылы Исраил Ганиевдин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө И.Ганиев тергөөгө келбестен качып жүргөндүктөн 2017-жылдын 11-августунда ага издөө жарыяланган.

Баткен ОИИБинин криминалдык милиция кызматкерлеринин иликтөө иштеринин натыйжасында алгач, И.Ганиевдин жүргөн жери Орусияда аныкталып, андан соң Казакстандан Өзбекстанга качып, Фергана облусунун Маргилан шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Баткен облусуна ал 2018-жылдын 19-декабрында экстрадиция болуп алып келинди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эгерде сүрөттөгү адамдан зыян тарткан башка адамдар болсо, 0 (3622) 5 02 26 же 102 номерине кайрылсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nurkyz1977
2019-01-10 17:27:09
Арыз жазганда эмне акчаны ондуруп бермек беленер. Толой албайм десе сот жообуна тартып мынча жыл деп айдап жибересинер бутту,куйгон байкуштар куйуп кете берет. Бул озбектер адам эмес биз деле миллиондогон акчаны ушул убака чейин алалбай келебиз. Арган кеткенде Кудайга койдук деп кала бердик. Озбек туугандар билинбегени менен канча адамды сыздатып жатышат. Бул билингени билинбей канча акча куйуп жатат,канчалаган пенде сызга отурду,кимге арызданасын арманыны ким угат.
0
Nurkyz1977
2019-01-10 17:28:23
Элдин арыз мунун укмак турсун оздору арманын кимге айтаарын билбей журушот,бирине бири ор казып.
+1
Nevestkaa
2019-01-10 21:40:50
Тили шириндер да булар кантип алданып калганыңы билбей каласын бизди булар 6секундта эле алдап коет.Ишенчээк калкпыз да.
0
Aidar151080
2019-01-10 22:08:26
Мага 120миң доллар эмес, 120 миң сом сурап ала албай койдум го. Калпычыларга ишенип бере беришет экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан