Чаткалда жол талашкан айдоочулардын чырынан улам бейкүнөө жүргүнчү окко учуп каза болду

Чаткал районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Мындай маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы таратты.

"2019-жылдын 10-январына караган түнү саат 03:00 чамасында Чаткал районунун Терек-Сай айылында Бишкек шаарынын 1988-жылы туулган Улан Койчиев аттуу тургуну жүк ташуучу автоунаада жүргүнчү катары бара жаткан учурда белгисиз жаран ок атуучу курал менен Койчиевди атып жиберген. Натыйжада Улан Койчиев Ала-Бука райондук ооруканасына жетпей алган жаракатынан улам каза болгон.
Бул факты боюнча Чаткал жана Ала-Бука РИИБинин кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, шектүү катары Терек-Сай айылынын тургуну Аскат Э. уулун аныкташкан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында төмөнкүдөй жагдайлар аныкталды:

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын Ак-Там участкасында Терек-Сай айылынын тургуну 1994-жылы туулган Аскат өзүнүн БМВ үлгүсүндөгү автоунаасы менен жолдо токтоп турган. Ошол маалда "ЧААРАТ ЗААВ" ЖАКсынын фирмасына таандык Вольво-FH 12 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы менен келген айдоочу БМВнын айдоочусуна унаасын жолдон алып коюуну өтүнөт. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу А.Э менен бирге анын жанында Улан Койчиев аттуу жаран болгон. Аскат мас абалында болгондуктан ортодо пикир-келишпестик пайда болуп, автоунаасындагы Иж 16 калибрлүү сайсыз кош ооздуу ок атуучу куралы менен жүргүнчү катарында бара жаткан У.Койчиевди көкүрөк тарабына атып жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул кылмышка шектүү катары Аскат Э. уулу кармалып, Чаткал РИИБине жеткирилген.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
ararat...
2019-01-10 14:02:32
Жакшы жаңылык болобу деги...
+5
salimbek87.kg
2019-01-10 14:20:19
Эх кайран жаш өмүр .
Ичимдик баардык жаман иштин башында турат
+7
bakulya2015
2019-01-11 02:14:01
salimbek87.kg,тукургондорун шылтак кылып башка элге уят болуп реклама кылчакты. Ушул канча игсандын олумуно себепкер болгон аракка мыйзам чыгарып магазиндерди жаап саткан магазин ээсине штраф салбайбы десениз э тооба кылдым. Эээх биздин окмот.
+2
bessmertiy
2019-01-10 14:38:18
БМВ айдаса эле өзүнү криминал сезип алса керек да
+9
Eka.kg
2019-01-10 16:53:57
bessmertiy,Көбүн эсе БМВны криминалдар айдайт.
+2
kirgizstan
2019-01-10 14:51:36
гүлдөй жаш курак,өмүрүң түрмөдө өтөтко эми. Өпкөсүн колтуктап,асмандан түшкөндөрдүн айынан күнөөсүз адам дүйнө менен кош айтышса, артында бөбөктөрү жетим эркеги аялсыз, аялы эрсиз калып жатат.
Герсейген акылы ашып кеткендер кичинеее ойлонгулачы. Болуптур деп пас келип койсонор не бир жериңер кемип калабы?
+3
Дарыгер
2019-01-11 00:08:59
kirgizstan, пас кетип этим эмес. Жолдо машинасын алып коюуга милдеттуу.
+1
Skarlett-Skarlett
2019-01-10 15:34:54
Тооба,94 болсо ушунчалык да семиреби?Копкон бироо го дейм...
+4
Kymbatym
2019-01-10 16:15:13
Skarlett-Skarlett,Бул каза болгон адам окшойт
-1
tular
2019-01-10 16:44:10
Бан аламан экенда...
-2
bond02
2019-01-10 17:15:21
Эмне жеп семирген неме экен.
+1
Taalaibek.
2019-01-10 20:36:36
Суротто адамдын бети жабык го. Бул окуяга ишениуу мумкун эмес го.
-2
aman0296
2019-01-10 23:52:22
Taalaibek., Соттун чечими чыкканга чейин шектуу преступник деп эсептелбегенге таянып, суроту толук жарыяланбайт.
+1
Nevestkaa
2019-01-10 21:37:19
БМВ десе эле сөзсүз бир чуунун үстүнөн чыгат да ушулар.Күнөөкөр жарылайын деп калыптыр го шкаф болуп жазасын тартсын.
+2
Take_men
2019-01-11 12:26:42
2 миң$ турган БМВ минип алып керсейгендер күйгүздүңөр... түрмөдө чирисин тыркыйган каман
0
amirrus
2019-01-11 14:28:01
BMW менен матиздин баасы бирдей эле азыр... самолёт минсенер деле тооба деп жоооон жургуло...олсонор оло бергиле бироонун олумуно забын болбогула...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан