Чүй ОИИББи "Түндүк" бажы кызматынын башчысынын орун басары сабалгандыгы тууралуу маалымат таратты. Басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, окуя 2018-жылдын декабрь айында орун алган. Белгилүү болгондой, "Түндүк" бажы кызматынын башчысынын орун басарлыгында мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин баласы Автандил Конгантиев иштейт.
"28-декабрь күнү Аламүдүн РИИБине Бишкек шаарынын 35 жаштагы А.Конгантиев аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анын арызына караганда, 28-декабрь күнү болжол менен саат 02:00 чамасында Лебединовка айылындагы кафелердин биринде отурган жеринен белгисиз адамдар келип, себепсиз эле денесине залал келтиришкен. Натыйжада Конгантиев жаракаттары менен Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты боюнча Аламүдүн РИИБи 234-берененин (бейбаштык) негизинде кылмыш ишин козгогон. Издөө иштеринин алкагында Конгантиевге кол салууга шектелип, 35 жаштагы Э.Кимсанов аттуу жаран кармалган. Учурда шектүү Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткандыктан, тергөө иштерин жүргүзүү мүмкүн болбой жатат. Мындан тышкары Кимсанов менен кошо келип, кол салууга шектелген 28 жаштагы Р.Т. изделүүдө", - деп жазылат маалыматта.