Кино тармагындагы мыктыларды аныктаган "Оскар-2019" салтанаты бул ирет алып баруучусуз өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, "Оскар-2019" кечеси 24-февралда Лос-Анжелес шаарында өтөрү, андагы алып баруучулук кызматка америкалык актёр Кевин Харт бекитилгени белгилүү болгон. Бирок көп өтпөй эле социалдык тармакка актёрдун бир канча жыл мурда жазган гомосексуалдык ойлору, толеранттуу эмес билдирүүлөрү жайылтылган. Актёр муну атайын уюштурулган деп божомолдогон.
"Менин толеранттуу эмес эски билдирүүлөрүм буга чейин эч кимди кызыктырган эмес, эч кандай талкуу дагы жараткан эмес. Менимче, бул атайын уюштурулган. Мен бир канча жыл мурда айткан сөздөрүм үчүн кечирим сурабайм. Азыр менин жашоом таптакыр башка нукта, оюм дагы башка. Бирок ошондогу бөлүшкөн оюмду өзгөртпөйм жана ошол оюмда калам", - деп алып баруучулуктан баш тарткан.
Мындай окуядан кийин салтанаттын уюштуруучулары бул ирет сыйлык тапшыруу салтанаты алып баруучусуз өтөт деп билдирген. Буга чейин "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 1989-жылы алгачкы жолу алып баруучусуз өткөн.