SUPER TV`нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн кезектеги каарманы - "тамашоучу", актёр Самат Эркинбеков. Ал берүүнүн өткөн аптадагы каарманы Аскат Сулаймановдун тапшырмасы боюнча өзүн желимдөөчү жайдын кызматкери катары сынап көрдү. Анда кардарлардын дөңгөлөктөрүн алмаштырып, андагы желдин басымын текшерип, жел толтурду. Ал гана эмес желимдөөчү жайга келген ар бир кардарга анекдот айтып берип маанайын көтөрүп жатты. Айдоочу кардарлардын көпчүлүгү "тамашоучуну" таанып, аны менен сүрөткө түшүүгө да үлгүрүштү.
Самат Эркинбеков өзүнө берилген тапшырманы кандай аткаргандыгын көрүү үчүн төмөндөгү видеоматериалга баш багыңыз.