Дүйнөдөгү эң мыкты сүрөттөр Бишкекте көргөзмөгө коюлду

Бүгүн, 10-январда Борбордук Азиядагы Америка университетинде "World Press Photo-2018" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Аземде Нидерланды өлкөсүнүн Кыргыз Республикасындагы элчиси менен Кыргыздын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдор сөз сүйлөп, кызыл лентаны кесишти

Аталган сүрөт көргөзмөгө фотожурналисттердин эң престиждүү делген, эл аралык сынактарда байгелүү орундарга ээ болгон эмгектери коюлду.

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча фотосүрөтчүлөрдүн мыкты делген эмгектери көз карандысыз калыстардын сынына коюлат. Калыстардын курамындагы кесипкөй фотограф, массалык маалымат каражаттарынын фоторедакторлору 9 категориянын негизинде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген сүрөттөрдүн мыктыларын тандашат.

Ал эми бүгүнкү сүрөт көргөзмөгө байгеге ээ болгон сүрөттөр коюлду. Ар бир сүрөттүн тарыхы тууралуу Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери айтып берип жатышты. Уюштуруучулардын айтымында, бул сүрөт көргөзмө 2 аптага созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан