Америкалык актриса, дизайнер жана фотомодель Пэрис Хилтонду өзүнөн 13 жаш кичүү мырза менен мамиле кургандыгы айтылууда. Чет элдик басылмалар актриса кайрымдуулук кечеге келишимдүү мырза менен чогуу келип, жетелешип жүргөндүгүн жазып чыгышты.
Пэрис Хилтонду жандаган мырза манекенщик Жордан Барретт экендиги маалым болгон. Жордан Барретт Хилтондон 13 жашка кичүү болгондугуна карабастан абдан жарашыктуу түгөйлөр экени айтылууда. Азырынча алар мамилеси тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек. Ал эми актрисанын күйөрмандары Жордан Барретт менен Пэрис Хилтондун ортосунда чыныгы сезимдер бар экенине үмүттөнүп жатышат.
Буга чейин 37 жаштагы актриса америкалык актёр, модель Крис Зилка менен мамиледе болгон. 2018-жылы Зилка сүйүктүүсүнүн колун сураганда ал макул болуп, кайра бир нече убакыттан кийин тойдон баш тарткан. Актриса мындай чечимин азырынча турмушка чыгууга даяр эместиги жана өзүн карьерага арнай тургандыгы менен түшүндүргөн.