Казакстан "чек ара эрежесин бузду" деп камаган 9 кыргыздын экөөсү Кыргызстанга алынды

Казакстандык чек арачылар "чек ара эрежесин бузду" деп камаган 9 кыргыздын экөөсү Кыргызстанга алынды. Чек ара кызматынын билдиришинче, Ысык-Көлдүн Түп районунун 16 жана 27 жаштагы эки тургунун 18-июлда казак чек арачылары кайтарып берди. Эки жарандын кайтарылып берилиши кыргыз-казак чек ара кызматтарынын жетекчилеринин сүйлөшүүсүнөн кийин ишке ашканы айтылды. "Калган 7 жаран боюнча казак тарап тергөө жүргүзүүдө",- деп кабарлайт Мамлекеттик чек ара кызматы. Аларды кайтарып алуу боюнча кыргыз чек ара жетекчилиги да иш жүргүзүп жатыптыр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
moskva88
2013-07-19 11:24:01
Сууну тосконго чыгарды окшойтда
0
Xamer
2013-07-19 11:26:08
Сууну казактарга ббергенде чыгарып атат буларды.
0
toobaldaru
2013-07-19 11:47:04
Казактар менен мамилени бузбай эле койгон жакшы. Булар баягы тонкоршуту жолду жаап салып жаман кылышкан.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан