Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева темир тулпарлуу болду. "Эртеңки туулган күнүмө карата өзүмө белек жасадым" деген ырчы SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Негизи үй-бүлөдө туулган күндү белгилегенде сөзсүз чоң белек беребиз. Бул ирет өзүмдүн туулган күнүмө белек жасап кыялымдагы унааны алдым. Унааны тандоодо балдарым, жолдошум жана кызым жардам берди. Ал эми каражат үй-бүлөлүк бюджеттен алынды. Унааны 2-3 ай мурун эле караштырып, тандай баштагам. Бирде кызыл түстөгү унааны жактырсам, бирде ак түстөгү унааны жактырып, айтор, тандоо кыйын болду. Акыры көп унаанын ичинен 2014-жылы чыккан Nissan Patrol`ду (Y62) тантадым. Бул автоунаа ыңгайлуулугу, ичинин кенендиги менен жакты. Бардык үй-бүлө мүчөлөрү бата турган унаалуу болдум", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, 12-январь Айчүрөк Иманалиеванын туулган күнү. Ошондой эле ырчынын уулу Арлен жана кызы Аэлита да дал ушул күнү төрөлгөн. Ырчы туулган күндү үй-бүлөсү менен белгилей турганын билдирди.