Президент Алмазбек Атамбаев спортчулар менен катарлаш отурду
Бүгүн, 19-июлда президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча”
мамлекеттик резиденциясында 2013-жылдын июнь-июль айларында эл аралык спорт мелдештеринде ийгилик жаратып, медалга
татыган кыргызстандык спортчуларды сыйлады. Мамлекет башчы спортчуларга алтын кол саат белекке берип, мелдештерде алтын медалга
ээ болгондор 150 миң сом менен сыйланышты. Күмүш медаль ээлерине 100 миң сом, коло медаль тагынган спортчуларга 70 миң сом берилди. Президент
өз сөзүндө спортчуларды куттуктап, алардын мындан кийинки иштерине ийгилик каалады.
Абдан сонун. биздин спортчулар менен сыймыктанса болот. Кийинчерээк мындан да коп ийгиликке жетишебиз
0
Lion-x
2013-07-19 12:33:11
Алган байгелеринер кут болсун!!! Дагы мындан да коп ийгиликке жетишкиле. Кыргызстандын желеги коптогон спорт оюндарында желбиреп турсун жениште.
0
ermek91
2013-07-19 12:40:49
нурбек брат сени менен карадарья сыймыктанат алга брат!!!!!!!!!!!!
+1
Aijan1968
2013-07-19 12:55:52
Кыргызымдын чыгаан спортчуларына раазычылык жана ийгилик!!!
0
belya
2013-07-19 15:08:04
Каражат жетишсиздигинен толук кандуу машыга албаганына карабастан,162 олко ичинен 26 оорунду ээлегндигинер учун, мамлекетимдин желегин аз да адам,олко тааныганы учун, ак калпак кийип Кыргыз Мамлекетин даназалагандынар учун ыраазычылык жана алкыш айтам!
0
Shai
2013-07-20 17:32:52
ушул жылы Кыргызстан спорт багытынан да онуго баштаганын корсотту. Албетте берилген сыйлыктар аз бирок элим жерим учун деп медаль тагынган жердештериме ийгилик. Ушундай ийгиликтерди багындыра берели Кыргызстаным учун.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.