Орусиялык актёр Павел Прилучный аялын сабаган деп айыпталууда. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Жаңы жылдын алдында болгон. Анда полицияга актёрдун аялы Агата Муцениеценин менеджери жана курбусу Мариам Халилова кайрылган. Алар Прилучный аялын үйүнө камап алып катуу ур-токмокко алганын кабарлашкан. Подмосковьенин Трувиль айылында жайгашкан актёрдун үйүнө полиция кызматкерлери барган. Териштирүү иштеринин алкагында актёрдун аялы ур-токмокко алынганын аныктоодон жана медициналык жардамдан баш тарткан.
Буга чейин 2018-жылдын жай мезгилинде актёр менен аялы убактылуу эки башка жашап, арадан көп өтпөй кайра табышкан. Алар журналисттерге үй-бүлөнү жана ортодогу мамилелерди сактап калгандарын билдиришкен болчу.