Канадада 2 кабаттуу автобустун айдоочусу катуу ылдамдыкта аялдаманы сүзүп, 23 адам жабыркап, 3 жүргүнчү каза болду

Канадада 2 кабаттуу автобустун айдоочусу катуу ылдамдыкта барып аялдаманы сүзүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн Оттавада орун алган. Кырсыктын кесепетинен жалпы санынан 23 адам ар түрдүү жаракаттарды алган.

"Учурда кырсыктан жабыркагандардын жарымынын абалы оор, ал эми ондон ашуун жүргүнчүнүн абалы өтө оор болууда. Автобусту башкарган айдоочу аял полиция тарабынан кармалган. Учурда ал суракта көрсөтмө берүүдө", - деп жазылат маалыматта.

"Бул кырсыктан жабыркагандарга жана жакындарын жоготкон адамдарга, үй-бүлөлөргө көңүл айтам. Мен кызматкерлерге тиешелүү жардам берип жана колдоо көрсөтүүнү тапшырдым", - деп жазган социалдык тармактардын бирине шаардын мэри Жим Уотсон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан