Парижде наабайканада газ жарылып 47 адам жабыркап, 3 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жарылуу кечээ, 12-январда эртең менен Рю-де-Тревиз көчөсүндө жайгашкан наабайканада болгон. Жарылуу катуу болгондуктан жакынкы аралыкта жайгашкан имараттардын айнектери талкаланып кеткен.
"Бул кырсыктан эки өрт өчүрүүчү жана Испаниядан күйөөсү менен эс алууга келген аял ооруканадан каза тапты. Жарылуу катуу болгондуктан наабайкананын жанында жайгашкан имараттардын айнектери сынып, өрт башталган. Жергиликтүү бийлик иликтөө иштеринин жүрүшүнө жолтоо болбош үчүн шаар тургундарын жана конокторун жарылуу болгон аймакка барбай турууга чакырды", - деп айтылат маалыматта.