Майлуу-Суудагы аскер бөлүктө жоокер экинчи жоокерди кеңсе бычагы менен колуна сайып салган

Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө кыска мөөнөттөгү аскер кызматын өтөп жаткан жоокер экинчи жоокерди кеңсе бычагы менен колуна сайып салган. Бул тууралуу маалыматты Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя өткөн жылдын күз мезгилинде болгон. Анда кызмат өтөп жаткан эки кызматкердин ортосунда уруш чыгып, алардын бири экинчисинин колуна канцелярдык бычак менен сайып жиберген.

"Жаракат алган жоокердин колуна медициналык жардам көрсөтүлүп, жаракат алган жери тигилди. Учурда жоокер аскер бөлүгүндө, анын абалы канааттандырарлык. Учурда окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад аскер прокуратурасынын гарнизонуна билдирүү берилген. Жоокерлер өткөн жылдын жаз айынан бери кызмат өтөп келген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
monster_high_98
2019-01-13 13:14:23
Ушул аскер болукту текшерууго алыш керек, балээнин баарына илешишип))
+2
Rifle_I
2019-01-14 09:26:11
Кайра кайра жинине тийип ургулай берген окшойт да. Жөн эле туруп бычак саят беле.
Дедобщина деп мага да кечкеле үстөмдүк уыла берсе атып эле салмакмын .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан