11-январь күнү Орусиянын Владивосток шаарында Баткен облусунун 48 жаштагы Д.И.А. аттуу тургуну автобусу менен эл ташып баратып, алдынан чыккан Тойота унаасы менен кагышып оор жаракат алды. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, 48 жаштагы жарандын алган жаракаты оор болгондуктан ал жаткан ооруканага 13-январда кошумча нейрохирург, хирург, анестезиологдор чакыртылып, операция жасап колун сактап калышкан. Учурда абалы оор, бирок туруктуу болуп жатканы айтылды.
Элчиликтин кызматкерлери жаракат алган жарандын туугандары менен жолугушуп, дарыгерлер менен байланышта болууда. Бирок 48 жаштагы жарандын абалы оор болгондуктан дарыгерлер анын үй-бүлө мүчөлөрүн палатага киргизбей жатышат.
"Кырсыктан жалпы 16 адам жаракат алган. Арасында эки кичинекей бала болгон. Бүгүнкү күндө 6 адам ооруканада жатса, калганы үйлөрүнө чыгарылды. Приморск крайынын Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгына Тойота унаасынын 23 жаштагы айдоочусу күнөөлүү. Ал унаасы менен тоннелден чыгып келатып рулду башкара албай калып автобусту сүзүп алган. Күнөөлүү административдик жоопкерчиликке тартылды", - деп кабарлашты элчиликтен.