Казакстанда студентти сабаган дене тарбия мугалимине кылмыш иши козголду

Буга чейин интернет тармактарына "Окуу жайдын мугалими студентти сабап жатат" деген видео тараган. Видеого ачууланган мугалимдин алгач бир студентти, кийин экинчи студентти муштуму менен согуп, тээп жатканы тартылган. Мындан тышкары уят сөздөрдү аралаштырып жемелеген.

Кийин бул окуя Алматы облусунун Жаркент шаарынын колледждеринин биринде болгону белгилүү болгон. Студенттерди сабаган мугалим дене тарбия сабагынан окутат. Анын бул кылганына карата кылмыш иши козголгонун жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматта жазылгандай, окуя 10-январда Жаркенттеги көп тармактуу колледжде болгон.

"Мугалимге карата “жашы жете элек өспүрүмдү тарбиялоо боюнча милдетин аткарбоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Териштирүү иштери жүрүп жатат, мугалим убактылуу иштен четтетилди", - деп жазылат маалыматта.

Казакстанда студентти сабаган мугалимге кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
newman
2019-01-14 13:17:12
Жансиздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан