Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Үрөн жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдиргендей, үрөндөрдү жана көчөттөрдү өлкө аймагына алып кирүүдө айыл чарбасын башкарган мамлекеттик орган тарабынан берилген атайын уруксатты жана сапаттуу үрөндөрдү өндүрүүчүлөрдүн, реализаторлордун, импортчулардын жана экспортчулардын реестрин алып таштоо сунушталууда. "Бүгүнкү күндө үрөндөрдү сактоочу жайлар дагы даяр. Ал эми үрөндөрдүн сапатын аныктоочу борбордук лаборатория жана республика аймагы боюнча анын 19 филиалы иш алып барат. Республика аймагындагы 109 үрөн чарбасы жалпысы 31 миң гектар жерге үрөн өстүрүү менен алектенет", - деп жазылган мыйзам долбоорунда.
Жыйынтыгында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети мыйзам долбоорду жактырды.