Парламент комитетинде жеке ветеринарлардын саны жылдан-жылга өсүп жатканы айтылды

Бүгүн, 14-январда парламент комитетинде жеке ветеринарлардын саны жылдан-жылга өсүп жатканы айтылды. Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү Кумарбек Исанов билдирди.

"Жеке ветеринарлардын саны жылдан-жылга өсүп жатат. Мурун 1450 ветеринар болсо, 3 жылдан бери 2700дөн ашык ветеринар каттоодон өттү. Жер-жерлерде иштеп жатат. Жаш балдарды ишке тартуу боюнча 100 бала атайын долбоордун негизинде окутулду. Жергиликтүү бийлик менен иштеп жатабыз, жылыштар бар", - деди ал.

Учурда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан