Кара-Көл шаарында май ташуучу унаа кулап, айдоочусу жабыркады

Кара-Көл шаар аймагында күйүүчү май ташыган унаа кырсыкка кабылып, айдоочусу жаракат алды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

"13-январь күнү саат 19:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 424-чакырымында (Кызыл-Бейит тилкеси) Freightliner үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаа жолдун боюна капталдап жыгылып калган. Жол кырсыктын кесепетинен айдоочусу жабыркап, "Тез жардам" кызматы аркылуу Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Кырсык болгон жерде бактыга жараша өрт катталган жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан