Шоумен Бакыт Байсариев социалдык тармактагы баракчалардын биринде айымдар менен кайым айтышты. Анда алып баруучу колдонуучунун билдирүүсүнө жооп калтырган.
Белгилүү болгондой, айымдар блогунун колдонуучусу жолдошунун туулган күнүнө белек жасоо үчүн ич кийим алганын айтып, кеңеш сураган. Анын билдирүүсүнүн алдына шоумен "Тур тамак жасап бер" деген комментарий калтырган. Айымдар блогунун катталуучулары "Бакыт Байсариев бул жакта эмне кылып жүрөт?", "Сиз дагы ушул топто белеңиз?", "Элге, журтка төбөсү көрүнгөн, маданиятты жакшы билген инсансыз. Анан пааналаган жериңиз ушул", "Аман эле бол, айымдардын группаларына дайыма билдирүү калтырып кетесиң" деп нааразы болгон комментарийлерин калтырган. Бакыт Байсариев дагы өз дарегине айтылган комментарийлерди жоопсуз калтырбай, "Сен дагы аман бол" деп жазган.
Сынга кабылган шоумен айымдардын блогуна кокусунан эле кирип калганын жана колдонуучулардын билдирүүлөрүнө тамаша иретинде жооп жазганын айтып, буларга токтолду.
"Инстаграмдагы айымдардын баракчасына кокусунан эле кирип калдым. Тагыраагы, Инстаграм баракчамдан издөө кылып жатсам чачы жок кыздын сүрөтү көзүмө урунуп калды. Билдирүүсүн окусам бир жылдык эле өмүрү калганын, оорукчан экенин укканда жигити таштап кеткенин жазыптыр. 22 жаштагы кыздын окуясы аябай таасирлентип, ага көңүл жубатуучу сөздөрдү, дагы жакшылап текшерилип көрүүсүн жазгам. Ошентип айымдардын блогуна баш багып, кандай кызыктар болгонуна көз салып турчумун. Айрым учурда той тууралуу сөз болгондо "тамада кереги жок беле?" деп тамашалуу билдирүү калтырып кетчүмүн. Аталган блогдо ары кайгылуу, ары тамашалуу, кызыктуу билдирүүлөр болот. Мен оор тагдырга кабылгандарга же ооругандарга жакшы сөз айтып, жакшы маанай тартуулап, аз да болсо көңүлүн алгым келет. Анткени кайгырып жүргөн адамга жылуу мамиле кылсаң кубанып калат го.
Ал эми жогорудагы көрүнүш боюнча айтсам, кышкы каникулда үйдө отуруп, убактымдын көбүн социалдык тармакка бөлдүм. Ошондо айымдар блогундагы билдирүүгө тамаша иретинде жооп калтырып койгом. Сынга алынып, талкуу жаратат деп ойлогон эмесмин. Анткени буга чейин эле айрым билдирүүлөрдүн алдына жооп калтырып келгем", - деди Байсариев.