Эрежесиз мушташ боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болгон кыргыз балбандары Бишкекке келишти

АКШда өткөн эрежесиз эр уруш боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болгон кыргызстандык спортчулар бүгүн, 19-июлда Бишкекке келишти. Айта кетсек, 5-6-июль күндөрү мелдеште Кыргызстандын намысын 11 балбан коргоду. КРнын Эрежесиз мушташ федерациясынын президенти Эмил Токтогоновдун айтымында, спорттун бул түрү Америка өлкөлөрүндө абдан өнүккөн. “Бирок биз буга карабай 2 алтын, 7 күмүш, 2 коло медаль утуп келдик”,- дейт ал. Дүйнөнүн 50дөй өлкөсү катышкан чемпиондукта Кыргызстан командалык эсепте 2-орунду ээледи. Чемпиондукка катышкан спортчулар кимоно менен жана кимоносуз беттешти:  

Рустам Оморбеков 60 килограмм (1 алтын, 1 күмүш медаль утту)

Салмоор Эргешов 65 килограмм (2 күмүш медаль утту)  

Кылыч Саркарбаев 93 килограмм (1 күмүш медаль утту)  

Нурбек Исмаилов 100 килограмм (1 алтын, 1 күмүш медаль утту) 

Хайрулло Кокеев 85 килограмм (2 күмүш медаль утту)  

Түгөл Арапбаев 75 килограмм (1 коло медаль утту) 

Руслан Маматов 93 килограмм (1 коло медаль утту) 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Shai
2013-07-19 17:24:23
Эрежесиз эр урушка коюлган медалдын баарын эле Кыргызстан алып алганбы. Куттуктаймын спорт менен болсо деле Кыргызстанды дуйного таанытым туралычы. Президент алмаштырыш менен таанытпай. Алга кыргыз алга.
+1
Azem2013
2013-07-19 17:52:11
Азаматcынар!!! Быйыл жалан Нyрбеk аттyyлар ийгилиk алып kелишти Kыргызcтанга.
+1
Janii
2013-07-19 17:53:10
videoloru bolso juktop koisonor
0
bekish93
2013-07-19 17:53:30
азамат
0
aibek92
2013-07-19 18:03:31
жакшы кабар азаматсынар!!!
0
bosmos7
2013-07-19 18:13:35
Алга Кыргыз! Алга!
0
Natsuz_kg
2013-07-19 20:39:54
Жакшы азаматсынар алга кыргызым
0
kuba.kg
2013-07-19 22:03:01
азаматсынар видео роликтери барбы
0
nurik9090
2013-07-20 07:04:40
жакшы алга азаматсынар.
0
med_bek
2013-07-20 08:53:40
Тугол братан алга!
0
AzZzA
2013-07-20 16:38:42
Tugol I Kylych bratan " Krasavchikter "
0
AzZzA
2013-07-20 16:41:22
Дагы коптогон ийгиликтерди жаратып журо бергиле! Алга Кыргыз
0
samat-91
2013-07-20 21:58:51
эрежесиз мушташ эмес бул,грепплинг деп аталат.
0
admin_superstan
2013-07-22 11:20:49
samat-91, Саламатсызбы!
Эрежесиз мушташ экенин КРнын Эрежесиз мушташ федерациясынын президенти Эмил Токтогонов билдирген.
0
Debi
2013-07-23 13:11:26
11 и барып, 11 тең орунга ээ болуп, дүйнө боюнча 2-орун! Айииииииий! Азаматсыңар, бул спорт начар спорт өзү, бирок мындай жеңишке кубанбай коё албайбыз! Азаматсыңар! Алгалай бергиле! Бирок күрөшкө эле өтүп алгылачы!
0
samat-91
2013-07-25 12:55:03
Debi, жакшы спорт.боксга караганда травма аз болот
0
Omarxan
2013-08-24 06:42:57
Ураа!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан